Биз социалдык тармакта

Ош шаарындагы бардык мектептер интерактивдүү такта менен камсыз болду

Бүгүнкү күндө Ош шаарындагы бардык мектептер интерактивдүү такта менен камсыз болду. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен 23-октябрда билдиришти.
Ош шаарында 53 мамлекеттик жана 9 жеке менчик билим берүү мекемеси бар. Буга чейин мектептерге 30дан интерактивдүү такта берилген болсо, азыркы тапта алардын саны 70ке жетти. 
"2014-2017-жылдар аралыгында Ош шаарындагы социалдык-экономикалык абалды өнүктүрүү боюнча программанын алкагында 2017-жылга чейин бардык мектептерди интерактивдүү такта менен камсыздоо пландалган эле. Биз планды быйыл аткардык",- дейт Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын өкүлү Жеңиш Байзаков.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
zair_ali
2015-10-23 15:41:06
Жакшы кабарда окууса болот экенго. Канча күндөн бери өлтүрүлдү,атылды, кармалды...
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан