Биз социалдык тармакта

Президент келечекте Кыргызстан электромобилдерге өтөрүн айтты (видео)

Өлкө башчы Садыр Жапаров Бишкекте курулуп жаткан электромобиль заводу жыл аягында же кийинки жылдын март-апрель айларында ишке киргизилерин билдирди.

Президенттин айтымында, заводдон электромобилдүү жеңил унаадан баштап чоң унаага чейин чыгарылат.

"Мамлекеттик программа иштелип чыгат. Бензин, дизель менен жүргөн унааларды бүтүндөй электромобилдерге алмаштыра баштайбыз. Мамлекеттик унаалардын баарын өткөрөбүз. Бул эми 15-20 жылда боло турган нерсе. Завод жылына 10 миң унаа чогулта алат", - деди мамлекет башчысы кечээ, 23-октябрда Таш-Көмүр жана Кара-Көл шаарларынын эли менен болгон жолугушуусунда.

Президент келечекте Кыргызстан электромобилдерге өтөрүн айтты
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан