Бишкектеги "Жеңиш" спорт мектебинин тарбиялануучулары Шотокан каратэ-до боюнча Дүйнө чемпиондугунда 18 медаль жеңишти. Бул тууралуу борбор калаанын мэриясы кабарлады.
Маалыматта алардын үчөө алтын, төртөө күмүш жана 11и коло байге экени айтылат. Биринчилик 15–18-октябрь күндөрү Италиянын Линьяно-Саббьядоро шаарында өткөн. Жаш спортчулар кечээ, 23-окктябрда өлкөгө келишкен.