№50-түзөтүү колониясынан качып, тирүү кармалган Эдил Абдрахмановго тергөөчүлөр келишүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 26-октябрда SUPER.KG порталына Жаза аткаруу кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Абдрахмановдун ден соолугу күндөн-күнгө жакшы болуп баратат. "Ал толугу менен дарылангандан кийин же №1-СИЗОго отургузулат, же УКМКга берилет. Учурда тергөөчүлөр келишип, ага суроолорду беришүүдө. Суракта Абдрахманов "мен кокустан кошулуп калдым, менин эч кандай күнөөм жок, мага карата "подстава" жасашты" деп айтууда. Кыйноолордун алдын алуу боюнча борбордун өкүлдөрү келишип, анын денесинен ур-токмоктун издерин табышкан жок",- дешти мекемеден.
Айта кетсек, 22-октябрда Эдил Абдрахмановду кармоо учурунда анын бутуна ок чыгарылган. Ошол эле күнү ага Чүй облустук ооруканасында операция жасалган. Андан соң ал №47-түзөтүү колониясынын борбордук ооруканасына жаткырылган.