Түркияда жол кырсыгына кабылган Арслан Кулов ооруканада эсине келбей жатып көз жумду

Жол кырсыгына кабылган Арслан Кулов (айрым маалыматтарда анын аты Арслан Асанкулов экени айтылууда) Түркиянын Анталия шаарындагы ооруканада 1-ноябрга караган түнү эсине келбей жатып көз жумду. Ал кырсык болгон күнү оор абалда жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган эле. Ал эми аны менен бирге ооруканага түшкөн Бекбол Бактыбек уулунун сол колунун манжасы сынып, бетинен жаракат алган. Анын колуна гипс коюлуп, ооруканадан чыгарылган. Калган үч жаран: Дастан Бектенов, Бекзат Тилек уулу жана Нурбек Сүйүналиев кырсык болгон жерден “Тез жардам” кызматынан медициналык жардам алып, үйлөрүнө кайтышкан.

Алар Анадолу аймагындагы мейманканалардын биринин кызматкерлери болушкан. 26-октябрда алардын эмгек келишими аягына чыкмак.

Эске салсак, 24-октябрда Түркиянын Анадолу аймагынан Анталия шаарына бара жаткан автобус Кумлужа-Кемер унаа жолунда жол кырсыгына кабылып, 12 адам жаракат алган. Алардын бешөөсү Кыргыз Республикасынын жарандары болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
aidai88
2015-11-02 11:49:01
Жакындарына кудайым сабыр берсин,жаткан жери жайлуу болсун.
+3
karona
2015-11-02 12:33:20
Жаткан жери жайлуу болсун! Жакындарына сабыр берсин.
+2
KG_barsbek
2015-11-02 13:59:18
Жаткан жери жайлуу, топурагы торко болсун, жараткан бейишин берсин! Оомин.
+1
Ulutman
2015-11-02 16:04:09
Арслан менин айылдаш иним болот. Баарыбызга жаман болду. папасы Эрмек абам менен женем дагы Россияда эле. Арсландын эмгек келишими аяктап, Россияда жашаган мамасына белек алам деп бара жатыптыр. Биз эми эмне кыла алабыз, баары, бир Кудайдын колунда экен да. Арслан иним, жаткан жерин жайлуу, топурагын торко болсун!
+5
Elime
2015-11-02 22:23:45
Аябай окунучтуу жакшы болуп кетсин деп тилек кылдым эле.Жакындарына терен кайгыруу менен конул айтам. Жаратканым баарыбызды дегеле мекенден сыртта жургон мекендештерибизди боодо кырсыктан сактасын!
0
Guljamal_2116
2015-11-03 00:18:32
Жаткан жери жайлуу,топурагы торко болсун.Жакындарына терен кайгыруу менее конул айтам,сабыр кылыныздар...
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан