ЭЛДИК КАБАР: Эстакадалык көпүрөдөн суу агып жатат (фоторепортаж)

Оштогу эстакадалык көпүрөнүн курулуп бүткөнүнө бир апта болбой жатып көпүрөдөн суу агып жатат. Бул тууралуу окурман 3-ноябрда SUPER.KG'ге WhatsApp аркылуу билдирди. Анын билдиришинче, азырынча буга чара көргөн эч ким жок. "Көпүрөнүн астында оңдоп-түзөө иштеринин жүрүп жатканына карабай көпчүлүк жарандар унааларын токтотуп салышыптыр. Бул көрүнүш жумушчулардын ишине тоскоолдук жаратып жатат",- деди окурман.

Ошондой эле тепкичтерге төшөлгөн кафелдердин жараксыздары алынбай жатканын кошумчалады. "Кечээ эле көпүрөнүн тротуарларынын үстүндөгү таш төшөлгөлөр (брусчаткалар) чөгүп, тепкичтерге төшөлгөн кафелдердин айрымдары сынып калган эле. Аны кечээ, бүгүн калыбына келтиришкен, бирок жарактан чыккан кафелдерди алып коюшпай, ошол бойдон таштап салышыптыр. Аны ары-бери өткөндөр тебелеп жатышат",- деп айтты ал.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (47)
DAIN
2015-11-04 00:46:53
Myncha som akcha unomdoduk debei akchany aiyabai ele sapattuu kursa bolmok meribiz,men da biliwim boiuncha kopuronun ortosu arka symal biyik boluw kerek deit ele go.Emi Kudai ele saktasyn
+2
DAIN
2015-11-04 00:49:45
Suu akkan jerlerin korup korktum kancha ubakyt chydait dep
+2
Nasi1981
2015-11-04 07:58:05
Малкана салсан да бекемдеп саласын. Малга суу отпосун деп. Бул копуро шаардын ортосунан орун алган, мамлеттик копуро болгондон кийин конул буруп жасаш керек эле. Эптеп-септеп, эмдеп домдоп бутуро салбай. Уят. Айтыке эркек болсон озун эле жумушундан кет.
+2
amin1986
2015-11-04 08:25:24
Он жыл мурун курулган немедейг уят,уят,дагы жуз жолу уят.
+2
chalkan
2015-11-04 09:04:17
Жалал-Абад менен Ошту калыбына келтирүүдө курулган үйлөргө окшошуп калыптырго, ачыла элек жатып.
+2
sabyr86
2015-11-04 14:40:22
Азыркы мерди көрө албай эле талкалап салган жоксуңарбы?
-3
mega777
2015-11-04 14:59:44
Бир эле суу аккан жерин эмес талкалана баштаган тепкичтерин коруп кадимкидей зээнин кейийт.Болунгон акчаны орто жолдо талабай оз абийирлери менен толук жумшап койушса сапаттуу эле копуро чыкмак.Бирин бири чукуп,биринен бири кынтык таап,жаман катындарчасынан кеткен адамды ушактаганча ошол энергияларын олконун онугуусуно жумшабайбы дейсин.Бул копуронун сапатсыз чыкканына Мырзакматовду куноологондон да кайтышпаса керек эми.
+4
USSRKG
2015-11-04 16:18:32
Ха ха ошода Айтмамат акебизди да коро албагандар бар. Мелис акебиз жакшы иштеди аны баары билет.эми Мэр башка болду алдагы колунан келгенин жасап жататда. Мост кыргызча стандарт мн бутту суу агат азырак. Дагы кооп жыл турат кааласакда каалабасакда. Мамлекет онугуп калса дагы капитал
Ремонт жасап коет тура берет.
-2
pirim77
2015-11-04 17:01:20
Мамлекеттин мулкулуно кайдигер карагандык. туркойлук. атайлап балта менен чаап сындырып, суу чачып мелистин пиарщиктеринин гана колунан келет. азыр бироо айтат копуро кулап калды деп уялбай этпей. Коро албастыкты токтотолу. иш учунчу этабы журуп жатат го аны неге кеп кылышпайт. Мелистин таатанды сатып алып оштун жарымын тууган-урук куйоо бала чакасы кошунасына чейин каттаткандарын неге айтышпайт. эл энообузошон учун ботондор бастырып кирип кодулайт бизди ош биздики деп.
-2
pirim77
2015-11-04 17:05:49
копуро буткучо кокуй бутпойт дешти, бутсо сынган атат суу агып атат дешти мусорды бироо ыргытып ийсе мына мусор жатат деп кеп кылышат. кичине озубузго да карайлы.Копурого видео камера коюп коюшсун мэрия. ошондо бети ачылат бул создордун бул иштерди ким кылып жатканы. тун жарымда барып гулдорду жулуп, остановкдагы айнектерди сындырып кетишет уялбай ошол кооздукду да коро албай.
-2
sera
2015-11-04 17:12:19
Брусчаткалар жаны коюлду ошого мээси жетпегендер тебелеп тепсеп мусор ыргытып арабасы менен ары отуп бери отуп сындырып жатат. мындай тепкич бардык жерде бар филармониянын алдында деле тарых музейинин жанында деле бар, болгону адам аз отот а бул жерде сынбай турган нерсени булундуруп кара пиар журуп жаткансыйт. Бардык жак эле копуро болуп кетти. Атамбаевди шыбап жамандагандар коп экенин эми билдим. Кантсе да ажобуз биздин. Бир уй-булону башкара албай кандай кыйналабыз, ал бутундой олкону ойлонот
-2
boss1991
2015-11-04 17:18:10
Бул мост саясатташып кетти, Таласта же Бишкекте курулса суу акмактан балээ болсо да мактап жатмакпыз. Болгону мурунку мэр десанттарын ар жерге айрыкча Ошко таштап кеткен ондуу. ачык эле корунуп турат ошонун калдыктары азыркы бийлик жетекчисинин ар бир ишин жамандагыла деп буйрук бергени билинип калды. Маалыматтык согушту илгертен эле Мелис ушундай жасачу. Ош деп атйкандын оозун жапчу акча берип, башка кылып. Жаштар комитети керексиз пайдасыз иш чараларды откоруп 10 млндогон акчаны асманга чаччу,
-2
boss1991
2015-11-04 17:20:39
мэрин хан деп айттырган да ошол эле айланасындагылар. Турганбай дегени суротун чыгарып рамкага салып барып жатып Алымбек даткадагы жерди ээледи, кабат уй салды. Камил жерге-сууга койбой мактап килтейген машина минди башка кылды. Болгону куу мэр жардамчыларын Оштон эмес башка аймактан алган, дагы былыктары билинмек бирок анын айланасындагылар тилекке каршы азыр башканын артын шыпыруу менен алек. бул чындыкты айтып койуюшубуз керек
-2
KUMTOR1
2015-11-04 20:09:06
мактанбай, автор ошончолук эле патриот болсо тазалап койбойбу?
-3
aikol87
2015-11-04 21:34:59
Откондогу тоннолаган камаздарды койуп мактанып атпады беле.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан