Бүгүн, 4-ноябрда Бишкектеги Улуттук китепканада коомдук саясий, мамлекеттик ишмер Исхак Раззаковдун 105 жылдыгына арналган "Коом деген - сен жана мен. Сен ак болсоң, мен ак болсом, коом да таза болот" аттуу китеп-сүрөт көргөзмөсү ачылды. Көргөзмө 3 бөлүктөн турат: "Өмүрү өрнөк инсан", "Замандаштарынын эскерүүлөрү" жана "Элине өтөгөн эмгек".
Илимдин, маданияттын, билим берүүнүн кызматкерлери, акын-жазуучулар, студенттер, окурмандар үчүн 15 күн ичинде көргөзмөдөн керектүү маалыматтарды алууга мүмкүнчүлүк түзүлөт.