Орусияда 50 чакты мекендешинен жалпысынан 2 миллион рублду Кыргыз Республикасына которуу үчүн чогултуп, дайынсыз жоголгон жигит Эгемберди Иманбеков байланышка чыкты. Бул тууралуу SUPER.KG порталына жабырлануучулар билдиришти.
"Эгемберди SUPER.KG'ден өзү тууралуу ЭЛДИК КАБАРды окуп, дароо биз менен байланышка чыкты. Анын айтымында, ал акча которуу үчүн банкка жөнөгөндө, шаарда аны орусиялык полиция кызматкерлери кармашкан. Ал полиция кызматкерлерине акчанын бир бөлүгүн алдырып койгонун айтты. Эгемберди 500 миң рублду которду. Калганын дүйшөмбү күнгө чейин которо турган болду",- дешти мекендештер.
Эскерте кетсек, 2015-жылдын 1-ноябрында кыргыз жараны Эгемберди Иманбеков Орусиянын Ямало-Ненецк автономдук округунун Новый Уренгой шаарындагы ишканалардын биринде 50 чакты мекендешинен "акчаңарды туугандарыңарга которуп берем" деп, жалпысынан 2 миллион рубль чогултуп, банкка кеткен бойдон дайынсыз жоголгон. 2-ноябрда ал мекенине кетип калганы белгилүү болгон.