Токмок шаарындагы Быстроток суусуна агып бараткан аялды куткарууга аракет кылган милиция кызматкери каза болуп калды. Чүй ОИИББинин басма сөз кызматынан 10-ноябрда кабарлашкандай, Токмок шаардык милициясына 8-ноябрь күнү Быстроток суусунда белгисиз аялдын агып бара жатканы боюнча маалымат түшкөн. Ошол замат каналга милиция кызматкерлери жана "Тез жардам" кызматы барган. Аны куткарууга аракет кылган Токмок ШИИБинин кызматкери, 1989-жылы туулган Тынчтык Абдрахманов сууга секирип түшкөн. Суу шар аккандыктан, жээкке чыга албай экөө тең сууга агып кеткен. Бир аз убакыттан кийин Тынчтык Абдрахманов менен 25-30 жаштардагы белгисиз аялдын жансыз денеси Быстроток каналынын бүткөн жеринен (Бишкек-Кемин унаа жолунун 59-чакырымынан) табылды.
Тынчтык Абдрахманов үй-бүлөлүү, 2 баланын атасы. Ички иштер органдарында 2013-жылдан бери иштеп келген.