Баткенде студенттер жана окуучулар үй-бүлөдөгү зордук-зомбулукка каршы акцияга чыгышты. Бул тууралуу 13-ноябрда SUPER.KG порталына WhatsApp аркылуу байланышкан окурман билдирди.
"Дүйнө жүзү боюнча 25-ноябрдан 10-декабрга чейин үй-бүлөдөгү зомбулукка каршы иш-чаралар өтөт. "Жаңыл Мырза" коомдук фонду ушул сыяктуу акцияларды Баткенде жана Кадамжайда өткөрүп жатат. Анда сахналаштырылган оюн-зоок программасы менен кошо катышуучуларга "ала качууга жол жок", "жараш" деген жакшылыкка үгүттөөчү сөздөр жазылган таттуулар таратылат",- дейт окурман.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.