Мамлекеттик каттоо кызматынын Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон району боюнча башкармалыгынын башчысы Эмил Тарыхчиев кол алдында иштеген кызматкерин травматикалык тапанча менен атып салды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Жалал-Абад облустук милициясынан кабарлашты.
Маалым болгондой, окуя 13-ноябрда Э.Тарыхчиевдин кабинетинде орун алган. "Кызматкер башынан жаракат алып, ооруканага жаткырылган. Ал милицияга арыз менен кайрылуудан баш тарткан. Тиешелүү материалдар прокуратурага жөнөтүлдү",- дешти милициядан.
"Учурда тергөө иштери уланууда. Соттук-медициналык жана баллистикалык экспертизалар дайындалып, жыйынтыктары чыга элек. Базар-Коргон боюнча Мамлекеттик каттоо кызматынын башчысы травматикалык тапанчаны мыйзамдуу көтөрүп жүргөнү аныкталды. Алдын ала маалыматтар боюнча, башчы менен кызматкердин ортосунда чыр чыккан",- деп баса белгилешти укук коргоо түзүмүнөн.