Бүгүн, 16-ноябрда Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбековдун жетекчилиги менен 2020-жылга карата Жогорку Кеңешти өнүктүрүү стратегиясын иштеп чыгуу боюнча комиссиянын алгачкы жыйыны болду.
Асылбек Жээнбеков өз сөзүндө "Жогорку Кеңештин регламенти жөнүндө" мыйзамдын 42-беренесине ылайык, ар бир жаңы чакырылыш өз ишинин башында парламенттин өнүгүү стратегиясын кабыл алышы керектигин белгиледи. “2020-жылга карата Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешин өнүктүрүү стратегиясы өкүлчүлүк, мыйзам чыгаруу жана көзөмөл иш-милдеттерди ишке ашырууну эске алуу менен иштелип чыгышы керек. Ал жалпысынан парламенттин ишинин натыйжалуулугун жогорулатууга багытталат. Жогорку Кеңеш коомчулуктун талаптары менен үмүт-тилектерин актап, заманбап чакырыктар менен тобокелчиликтерге өз маалында жооп бергидей болушу керек”, - деди төрага.
Жээнбеков Жогорку Кеңештин регламенти менен тескелбеген кырдаалдар күтүлүп, ал тургай Конституцияга да өзгөртүүлөрдү киргизүү, парламенттин ролун, ыйгарым укуктарын жогорулатуу алтынчы чакырылыштын үлүшүнө туура келген милдет боло тургандыгын эске салды. “Өлкөбүздүн ичинде жана дүйнөлүк масштабда олуттуу өзгөрүүлөр болору күтүлүүдө. Ушул чакырыктарга жана тобокелчиликтерге карата Жогорку Кеңештин жообу кандай болору биздин стратегияда чагылдырылышы керек. "Өнүгүүнүн парламенти болуу үчүн кандай иштерди, кандай тартипте, кайсы мөөнөттө аткаруу керек?" деген суроолордун жообу ушул стратегияда жазылышы керек”,- дейт ал.
Жээнбеков ар кандай көйгөйлөрдү чечүүгө зарыл болчу каржылык жана адам ресурстары өлкөбүздө жетиштүү болсо, анда стратегиянын зарылчылыгы жоктугун белгилеп, бирок ресурстар жетишсиз учурда белгиленген максатка жетүүнүн жолу стратегия болорун айтты.
Спикер стратегияны жазуу интеллектуалдык, чыгармачылык жумуш экенин, аны административдик ресурстун күчү менен аткаруу мүмкүн эместигин билдирип, комиссиянын мүчөлөрүн стратегия иштеп чыгууга чыгармачылык каалоо менен киришүүгө чакырды.
Комиссиянын жыйынынын жүрүшүндө бир канча жолу чогулуш, семинарлар өтө тургандыгы, жарандык коом менен да талкуулап, алардын катышуусун камсыздоо керектиги айтылды.
Жыйынтыгында алдыдагы беш жылда парламенттик демократияны мындан ары өрчүтүү, келечекте жасала турган иштерди ырааттуу жолго салуу үчүн Жогорку Кеңештин 2020-жылга чейинки стратегиясы декабрь айынын аягына чейин иштелип чыкмай болду.