Кылмыштуу чөйрөнүн өкүлү Дамир Сапарбековдун өлүмүнө катыштыгы бар делгендердин дагы бири кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.
Маалым болгондой, издөө иштеринин нытыйжасында Чүй облусунун 1986-жылы туулган, Зыпа деген каймана аты бар Зыпарбек Алиев аттуу тургуну "Манас" аэропортунан колго түштү. Учурда убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө иштери жүрүп жатат.
Эскерте кетсек, окуя 27-апрель күнү саат 23:30 чамасында Бишкек шаарынын Жал кичи районунда болгон. Анда белгисиз адамдар Дамир Сапарбековду үйүнүн кире беришинен атып кетишкен. Ошол учурда үй-бүлөсү жанында болгон. Сапарбеков алган жаракатынан улам ооруканадан каза тапкан. Ошол эле учурда кылмышка шектүүлөрдүн бири кармалган. Ал эми экинчиси качып кетүүгө үлгүргөн.
Ички иштер министрлиги бул кылмышка катыштыгы бар делген 3 адамга издөө жарыялаган. Алар: 1978-жылы туулган Улан Токтосунов (кылмыштуу чөйрөдө Сакал деген ат менен белгилүү), 1986-жылы туулган Зыпарбек Алиев, 1993-жылы туулган Кайрат Токушев.
Дамир Сапарбеков 1979-жылы Талас облусунун Манас районунда туулган. Ал өлкөдөгү кылмыштуу топтордун биринин активдүү мүчөсү жана кылмыштуу чөйрөдө “положенец” деген статуска ээ болгон. Ал февраль айында абактан качып кеткен.