Бүгүн, 24-ноябрда Орусиянын президенти Владимир Путин Иорданиянын падышасы Абдалла II менен жолугушту. Бул тууралуу Кремлдин басма сөз кызматы билдирди. Анын жүрүшүндө Путин бүгүн Түркия-Сирия чек арасынын жанынан атылып түшүрүлгөн орусиялык Су-24 учагы боюнча билдирүү жасады.
"Биздин учак Сириянын аймагында түркиялык F-16 учагынын аба ракетасы менен аткыланып, Түркиянын чек арасынан 4 чакырым алыс жерде Сириянын аймагына кулаган. Учагыбыз 6 миң метр бийиктикте Түркиянын аймагынан 1 чакырым алыс жакта учуп баратканда ага карата ракета чыгарылган. Биздин учактар Түркия Республикасына эч кандай коркунуч жараткан эмес болчу. Алар "Ислам мамлекети" уюму менен күрөшүү боюнча операцияны жүргүзүп жатышкан",- деди Орусиянын лидери.
"Ислам мамлекети" басып алган жерлерден Түркияга нефть ири көлөмдө жеткирилип жатканын эчак эле байкаганбыз. Мындай жол менен террордук уюм акча таап жатат",- деп Путин Түркияны сындады.
"Биз сөзсүз түрдө болгон окуяны иликтеп чыгабыз. Бул окуя орус-түрк мамилелери үчүн олуттуу натыйжага алып келет",- деди Орусиянын президенти.