Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров орусиялыктарды Түркияга баруудан баш тартууга чакырды. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазып чыгышты.
"Түркияда террорчулуктун коркунучу бар. Биз жарандарыбызды Түркия Республикасына туристтик же башка кандайдыр бир максаттар менен баруудан баш тартууга чакырабыз",- деди Лавров.
Мындан тышкары Лавров анын Түркиянын тышкы иштер министри менен пландалган жолугушуусу артка жылдырылганын баса белгиледи.
Эскерте кетсек, кечээ, 24-ноябрда Түркия өзүнүн чек арасынын жанынан орусиялык Су-24 учагын аткылап түшүргөн. Орусиянын президенти Владимир Путин бул окуя орус-түрк мамилелери үчүн олуттуу натыйжага алып келерин айткан.