Бүгүн, 25-ноябрда УЕФАнын Чемпиондор Лигасынын 5-турунда дагы 4 тайпада орун алган футболдук клубдар өз ара ойношот. Бул күнү мадриддик 2 клуб, манчестерлик 2 клубдун өкүлдөрү майданга чыгышат. Күндүн башкы беттеши катары “Ювентус” менен “Манчестер Ситинин” беттеши бааланууда.
*
Беттеш сааттарына токтолсок, “Астана” - “Бенфика” беттеши 21:00дө (Бишкек убактысы боюнча) башталат. ЦСКА – “Вольфсбург” беттеши 23:00гө туураланган. Калган беттештерге 01:45те старт берилет.
“А” тайпасы
“Мальмё” (Швеция) - ПСЖ (Франция)
“Шахтёр” (Украина) – “Реал” (Мадрид, Испания)
"В" тайпасы
ЦСКА (Орусия) – “Вольфсбург” (Германия)
“Манчестер Юнайтед” (Англия) - ПСВ (Голландия)
“С” тайпасы
“Атлетико” (Испания) – "Галатасарай" (Түркия)
“Астана” (Казакстан) – “Бенфика” (Португалия)
“D” тайпасы
“Ювентус” (Италия) – “Манчестер Сити” (Англия)
“Боруссия” (М, Германия) – “Севилья” (Испания)