25-ноябрь күнү саат 18:00дөн тарта 26-ноябрь күнү саат 06:00гө чейин Кыргыз Республикасынын 6 миллионунчу жараны төрөлөт. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, атайын түзүлгөн штаб өлкө боюнча бардык төрөт үйлөрүнөн жана медициналык мекемелерден ымыркайлардын төрөлүшү тууралуу маалыматтарды алып турат. "Андан соң тизме мекемелер аралык өкмөттүк комиссияга жөнөтүлүп, 6 миллионунчу жаран аныкталат",- деп билдиришти министрликтен.
"Республика боюнча ар бир саатта 10дон 18ге чейин наристе төрөлөт. Аталган убакыттын аралыгында жалпысынан 250 ымыркайдын төрөлөрү күтүлүүдө",- деп белгилешти мекемеден.