25-ноябрдан 26-ноябрга караган түнү Кыргыз Республикасынын 6 миллионунчу жараны төрөлдү. Бул тууралуу бүгүн, 26-ноябрда SUPER.KG порталына Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти.
Маалым болгондой, учурда мекемелер аралык өкмөттүк комиссия 6 миллионунчу жаранды аныктоо иштерин жүргүзүп жатат. "Кечки саат 18:00дөн тарта таңкы саат 06:00гө чейин өлкөдө жалпысынан 120дан ашуун ымыркай төрөлдү. Тизмелер аталган комиссияга жөнөтүлдү",- деп белгилешти министрликтен.