Аида Салянова: "2012-жылы аялдар тарабынан жасалган кылмыштардын саны өскөн"

ЖКнын Мыйзамдуулук, укук тартиби жана кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча комитетинин 12-марттагы жыйынында башкы прокурор Аида Салянова өлкөдөгү кылмыштуулук боюнча бир топ маалымат берди. Салянованын айтымында, 2012-жылы кылмыштарга аялдардын катышуусунун саны өскөн. Мисалы, 2011-жылы кылмышка катыштыгы бар 1818 айым катталса, 2012-жылы көрсөткүч 2043тү түзгөн. “Жалпылап караганда былтыр кылмыштардын саны 39,6 пайызга азайган. Адам өлтүрүү жана өлтүрүүгө аракет жасоонун саны 19 пайызга кыскарды. Ал эми зордуктоо кылмышы да төмөндөгөн. Ошондой эле былтыр өспүрүмдөрдүн кылмыштарга катыштыгы да аз болду”,- деди башкы прокурор.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан