Тармактык комитет билим берүү мекемелерин жетектегендерди 65 жашка чыкканда кызматтан алууга багытталган демилгесин четке какты

Бүгүн, 30-ноябрда Жогорку Кеңештин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттыкты сактоо боюнча комитетинин жыйынында "Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине толуктоо жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" КРнын мыйзамынын долбоору биринчи окууда каралды. Мыйзам долбоору билим берүү мекемелерин жетектегендерди 65 жаштан ашкандан кийин кызматка койбоого багытталган.

Бул боюнча депутаттардын суроолоруна Билим берүү жана илим министринин статс-катчысы Калысбек Шадиканов жооп берди. Депутат Лунара Мамытова андан 65 жашка чыккан жетекчилерди кызматка дайындабаганга же кызматтан алууга эмне түрткү болуп жатканын сурап, бирок жооп ала алган жок. "Туура маселе көтөрүлдү. 65 жашка чыккандарды кызматтан алууга же жолотпоого эмне түрткү болуп жатканын белгилесеңиздер биз колдоп бермекпиз",- деди комитет төрагасы Садык Шер-Нияз.

Талкуудан соң комитет мыйзам долбоорун четке кагуу чечимине келди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан