Бишкекте жаңы “Ош базарынын” ачылышына аз калды. Ал арада борбор калаадагы эски базар өз ишин улантууда.
Бүгүн, 27-ноябрда эски “Ош базарынын” көрүнүшүн фоторепортаж аркылуу сунуштайбыз.
Эске салсак, жаңы базардын негизги курулуш иштери аяктаган. Учурда ага алып баруучу жолду куруу, инженердик тармактарды орнотуу жана аймакты көрктөндүрүү иштери жүрүүдө.
Жаңы “Ош базары” толугу менен мамлекеттин карамагында болуп, 2027-жылдын жаз айларында ачылышы пландалууда. Ага эски базардагы соодагерлер көчүрүлөт.