2013-жылдын февраль айынын жыйынтыгы боюнча Кыргызстанда инфляциянын деңгээли 7,7 пайызга өстү. Бул тууралуу КРнын Улуттук статистика комитети билдирди. Маалыматка таянсак, инфляциянын жогорулашынын бирден-бир себеби - мөмө-жемиштерге болгон баанын 8,2 пайыз өсүшү болду. Керектөө тармагындагы эң жогорку баа Ош облусунда байкалган.