Жогорку Кеңеште жерлерди которуу маселелерин регламенттеген ченемдик-укуктук базаны өркүндөтүү максатында иштелип чыккан “Жер тилкелерин которуу (трансформациялоо) жөнүндө” КРнын мыйзамына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзамдын долбоору каралды.
Юстиция министри Жылдыз Мамбеталиеванын айтымында, жеке адамдар же юридикалык жактар жерди которуу жөнүндө мамлекеттик администрацияга арыз беришет. “Арызга бир катар документтердин көчүрмөлөрү жана техникалык-экономикалык негиздемеси тиркелет. Ал эми "техника-экономикалык негиздеме" түшүнүгүн ачып берген жоболор камтылбай калган. Ошондон улам мыйзамга түзөтүүлөрдү киргизүү демилгеси сунушталууда”,- деди Мамбеталиева.
Мисалы, мыйзамга ылайык, айыл чарба жерлерин башка категорияга которууда жоготуунун жана алынбай калган пайданын наркынын суммасы жаңы жер пайдалануучулар жана менчик ээлери тарабынан төлөнөт. Ошондуктан мыйзам долбоору менен мыйзамдын аталган беренесин алынбай калган пайда жөнүндө жоболор менен толуктоо сунушталууда.
Мыйзамга ылайык, жер тилкеси жайгашкан өз алдынча башкаруу органдарынын макулдугу менен мамлекеттик администрация запастагы жерлерди башка категорияларга которот. Мында которууга макулдук берүү жөнүндө сөз болууда. Ал запастагы жерлерди которууга макулдук берип, өз чечимин өкмөттүн кароосуна киргизет. Коллизиялык ченемдерди алып салуу максатында мыйзамдын 7-беренесине түзөтүүлөрдү киргизүү сунушталууда.
Мыйзамда "бирдиктүү терезе" принциби, которуу өзгөчөлүктөрү, өкмөттүн жана жергиликтүү мамлекеттик администрациянын компетенциясы аныкталган. Жергиликтүү мамлекеттик администрациянын компетенциясына кирген жер тилкесин жердин башка категориясына которуунун жол-жобосу так регламенттелген. Бирок өкмөттүн компетенциясына тийиштүү жерлерди которуу тартиби бекитилген эмес.
Талкуунун жүрүшүндө айтылган сунуштар эске алынуу менен “Жер тилкелерин которуу (трансформациялоо) жөнүндө” КРнын мыйзамына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзамдын долбоору биринчи окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.