“Ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө” КРнын мыйзамына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзамдын долбоору бүгүн, 2-декабрда Жогорку Кеңеште 1-окууда каралып жатат. Сунушталып жаткан мыйзам долбоору боюнча баяндама жасаган экономика министри Арзыбек Кожошевдин айтымында, мыйзам долбоору ишкердик чөйрөсүн колдоого багытталган.
Мыйзам долбоорунда ишкердин даттануусун кароону 30 күндөн 15 күнгө кыскартуу, текшерүүлөрдүн түрлөрүн 22ден 13кө кыскартуу, текшерүүгө алчу органдын ишкердик чөйрөсүнө 10 күн мурун алдын ала кабар берүүсүн милдеттендирүү камтылган. "Бул мыйзам долбоорун колдоп берсеңиздер, бизнес чөйрөсүнө чоң жардам болот",- деди министр Кожошев.