"Доллардын курсунун көтөрүлүп жатканына үч фактор таасир берүүдө",- дейт Улуттук банктын төрагасынын орун басары Нурбек Жеңиш. Ал бул тууралуу "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынын 4-декабрдагы жыйынында чет өлкөлүк валюталардын курсунун көтөрүлүп кетиши тууралуу депутаттарга түшүндүрмө берип жатып айтты.
"Эки жылдан бери доллар бир орунда кармалбай, улам көтөрүлүп жатат. Буга, биринчиден, АКШда доллардын көлөмүнүн азайып кеткендиги себеп. Экинчиден, Орусияга карата чектөөлөрдөн улам нефтиге болгон баанын төмөндөшү доллардын курсун көтөрүп жатат. Үчүнчүсү психологиялык фактор, себеби биздин эл Орусия, Казакстан валютасынын долларга карата баасы төмөндөсө, андан коркуп долларларды сатып алып коюп, анын курсунун көтөрүлүшүнө түрткү берүүдө",- деди Улуттук банктын төрагасынын орун басары.