"Ата Мекен" фракциясы "түрмөдөн качуу" окуясын талкуулады

Жогорку Кеңештеги "Ата Мекен" фракциясынын 4-декабрдагы жыйынында 2015-жылдын 12-ноябрында Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын №50-СИЗОсунан кылмышкерлердин качуусу талкууланып, ЖАМК менен укук коргоо органдарынын ишинде мындай кемчиликтердин алдын алуу чараларын көрүү чечими кабыл алынды.

Фракциянын катчылыгынан билдиришкендей, "Ата Мекен" фракциясы адам курмандыктарына алып келген мындай кайгылуу окуялардын кайталанбашы үчүн Жаза аткаруу мамлекеттик кызматында, жалпы эле укук коргоо органдарынын тутумунда өлкөнүн улуттук коопсуздугуна тикелей коркунуч жараткан өзгөчө кооптуу кырдаалды иликтөө үчүн депутаттык комиссия түзүү зарыл деген пикирде.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан