Эльвира Сурабалдиева, депутат: "Айыл жериндеги жигердүү аялдарды көтөрүү керек"

Европа коопсуздук кызматташтык уюмунун Демократиялык институттар жана адам укуктары боюнча бюросунун Бишкектеги кеңсесинин өкүлдөрү Иалонта Чихоцка, Камила Рахимова, Зульфия Көчөрбаева 7-декабрда Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясынын лидери Чыныбай Турсунбеков менен жолугушту.

Фракциянын катчылыгынан билдиришкендей, тараптар аялдардын саясаттагы ролун жакшыртуу боюнча биргелешип кызматташуу жөнүндө пикир алышты. Турсунбеков аялдардын саясатка аралашуусу боюнча өлкөбүздө бир топ алгылыктуу иштер болуп жатканы менен, бул жаатта тынымсыз иш алып баруу маанилүү экендигин белгиледи. Иш-чарага катышкан депутат Эльвира Сурабалдиева элет жериндеги жигердүү аялдарды көтөрүү керек деген пикирин кошумчалады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан