Түркия менен визасыз режимди жоюуну сунуштаган Туризм департаментинин өкүлүнө чара көрүлөт

Түркиянын жарандары үчүн визасыз режимди токтотуу маселесин карап көрүүнү сунуштаган Туризм департаментинин башчысынын орун басары Михаил Кимге чара көрүлөт. Муну парламенттин 9-декабрдагы жыйынында маданият, маалымат жана туризм министри Алтынбек Максүтов билдирди. "Учурда аталган кызматкердин аракетин иликтөө үчүн министрликте жумушчу топ түзүлдү. Кызматтык териштирүү жүрүп, аталган кызматкерге тийиштүү чара көрүлөт. Бул боюнча кошумча маалымат берилет",- деди министр.

Эскерте кетсек, Туризм департаментинин аталган кызматкери жакында терроризм коркунучунан улам бир катар өлкөлөр, мунун ичинде Түркия менен визасыз режимди токтотуу керектигин билдирген эле.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан