Акыйкатчыны шайлоо боюнча 3-тур өтөт

Жогорку Кеңеште эсептөө комиссиясы акыйкатчыны шайлоо боюнча 2-турдун жыйынтыгын чыгарды. Ага ылайык, 7 талапкердин ичинен 2-турга өткөн Гүлгаакы Мамасалиевага 27 депутат, Атыр Абдрахматовага 34 депутат добуш берди. Ал эми 55 депутат "каршы" деп добуш берди. Эсептөө комиссиясы 3-турду өткөрүүгө камынууда. Төрага Асылбек Жээнбеков шайлоо бүтө электигин айтып, депутаттарды кетпей турууга чакырды.

Аталган кызматка "Ата Мекен" фракциясы Гүлгаакы Мамасалиева, Бакыт Рыспеков жана Турсунбек Акундун, КСДП Гүлнара Жамгырчиеванын, "Өнүгүү-Прогресс" Мурат Жетимишбаевдин, "Республика-Ата Журт" Атыр Абдрахматованын, "Бир бол" Нурланбек Жээналиевдин, "Кыргызстан" фракциясы Канатбек Турганбековдун талапкерлигин көрсөткөн.
1-турдун жыйынтыгында Гүлгаакы Мамасалиева 28, Атыр Абдрахматова 23 добуш алып, 2-турга өтүшкөн. Ал эми Мурат Жетимишбаев талапкерлер өз программалары менен тааныштыргандан кийин эле талапкерлигин алып салды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан