Нарын облусунун Миң-Куш айылында жер титирөөдөн жабыркагандарга тийиштүү жардам берилет. Премьер-министр Темир Сариев өкмөттүн 10-декабрдагы жыйынында Өзгөчө кырдаалдар министрлигине атайын тапшырма берди. ӨКМнын жетекчиси Кубатбек Бороновдун билдиришинче, Миң-Кушта 20дан ашык үй зыянга учураган.
"Нарын облусундагы жер титирөөнүн кесепетин жоюу боюнча атайын түзүлгөн штаб ыкчам иштеши керек. Жабыркагандарды убактылуу турак жай, көмүр жана азык-түлүк менен өз убагында камсыздоо тапшырмасын берем. Каржы министри акча каражатынын бөлүнүшү боюнча сертификаттарды даярдайт. Жарандарыбыз өзүнүн көйгөйү менен өзү жалгыз калбашы зарыл",- деди Сариев.
Эскерте кетсек, кечээ аталган аймакка биринчи вице-премьер-министр Аалы Карашев баштаган атайын комиссия барып, табият кырсыгынын кесепети менен таанышкан.