"Ипотекалык насыяга үйлөрдү куруу үчүн мамлекет муниципалдык жерлерди акысыз берүүсү зарыл",- деди "Республика-Ата Журт" фракциясынын лидери Өмүрбек Бабанов фракциянын бүгүнкү жыйынында. Анын пикиринде, мамлекет жарандарды үй менен камсыз кылууга милдеттүү. "Жарандардын жашоо шартын түзүп берүү - бул үй менен камсыз кылуу. Бул мамлекеттин иши, мамлекеттин жери жана башка шарты бар. Жарандарды үй менен камсыздай албаса, мамлекеттин эмнеге кереги бар? Ошондуктан Мамлекеттик ипотекалык компания ушул жактарын карап чыгуусу зарыл",- деди Бабанов.
Жыйында "Жеңилдетилген ипотекалык насыя берүү жөнүндө" мыйзам долбоору талкууланып жатат.