Өкмөт Олимпиада оюндарында жана Азия оюндарында байге алган спортчуларга өмүр бою берилчү стипендиянын суммасын арттырууну пландап жатат. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин, Улуттук Олимпиада комитетинин жана спорт федерацияларынын жетекчилеринин катышуусундагы жыйында айтылды. Маалыматка ылайык, учурда бул маселе талкууланып жатат.
Кошумчалай кетсек, бүгүнкү күндө өмүр бою берилүүчү стипендияны 3 гана кыргыз спортчусу алат: Каныбек Осмоналиев (оор атлетика боюнча "Москва-1980" Олимпиадасынын чемпиону), Канатбек Бегалиев (грек-рим күрөшү боюнча "Бээжин-2008" Олимпиадасынын күмүш медалчысы) жана Руслан Түмөнбаев (грек-рим күрөшү боюнча "Бээжин-2008" Олимпиадасынын коло медалчысы). Аларга каралган 1 айлык стипендиянын суммасы 15-20 миң сомду түзөт.