10-декабрдан 11-декабрга караган түнү Бишкектин Чыгыш-5 кичи районунда террордук уюмдун 2 мүчөсү жок кылынган. Анын бири 16-июлда террорист деп Бишкекте атылып өлтүрүлгөндөрдүн бири 37 жаштагы Канатбек Усубалиев аттуу жарандын бир тууган иниси, 1981-жылы туулган Туратбек Усубалиев болуп чыкты. Учурда атасы Иманкул Итибаев баласынын сөөгүн көрүү үчүн УКМКнын алдында турат. Итибаев эки баласы тең террорист эмес экенин билдирип, буларды айтты:
"16-июлда улуу балам Канатбек Усубалиевди Тариэл Жумагуловго кошуп “террорист” деп атып жок кылды эле. Менин балам эч кандай террорист эмес болчу, милициянын босогосун аттаган да эмес, тентек балдар менен эле жүргөн. Өлтүрүп, сөөгүн да беришкен жок, сөөгүн каякка койгону дайынсыз. Эми 10-декабрь күнү кечинде 1981-жылы туулган Туратбек деген кичүү баламды Төкөлдөш районундагы мечиттен досу менен чыгып келе жатканда террорист деген шылтоо менен атып өлтүрүшүптүр. Ал террорист эмес болчу. Террорист болсо, Бишкектеги базарларды, чоң дүкөндөрдү жардырып салбайт беле? Анын болгон күнөөсү “агам ак жеринен кетти, колумдан жулдуруп жибергендей болдум, агам үчүн өч алам” деп болбой өчөшүп алгандыгында. Анан мен “Балам, сени УКМКнын тергөөчүлөрү издеп жатышыптыр. "Кичүү балаңызды издеп жатабыз" дешти, бир жакка барып, башыңды аман-эсен алып калсаңчы” десем, “Жок, мен эч кайда кетпейм. Агамды өлтүрүп жатышса, мен элдин бетин кантип карап, жашап жүрөм? Агамды ким өлтүрсө, алдынан чыгып, аларды жок кылып, анан өлөм” деп көгөрүп туруп алды.
9 жашар Барсбек деген неберем бар эле. Туратбек кайда барса, аны ошол жакка ээрчитип жүргөн экен. Неберемдин дайыны жок болуп жатат. Баламдын кийинки алган колуктусу бар эле, баламды өлтүрүшкөндөн кийин аны жашап жаткан жеринен барып кармашыптыр. Азыр ал убактылуу кармоочу жайда экен. 10-декабрь күнү баламдын биринчи келинчеги менен жаңыдан таанышып отурганбыз. Анан ал “жалгыз коркуп жатам, сиздердикине көчүп келейин, жүктөрүмдү алып келишип коюңуздар” дегенинен үйүнө келинчегим болуп баргандан кийин кеч болуп кетип түнөп калганбыз. 11-декабрь күнү саат 6:00 чамасында эшикти бирөө такылдатып калды. Эшикти ачсам, куралданган 20дай милиция үйгө кирип келип, балдардын жүрөгүн түшүрүп, үйдү тинтип, телефондорду алып кетишти. Андан кийин келинчегим экөөбүздү Рыскулов көчөсүндөгү үйүбүзгө алып келип, биздин үйдү да текшерип, чачышты. “Издегениңер эмне?” десем, “тапанча издейбиз, ок-дары издейбиз” дешип, аягында эч нерсе таппай, жубайым экөөбүздүн телефондорубузду, дарек жазган дептерлерди алып кетишти. Же аларды кайтарып беришпей, туугандарыма чала албай отурам.
Алар кеткенден кийин үйдө телевизор көрүп отурсак, саат 16:00 чамасында жаңылыктардан уулумдун өлгөнүн көрүп калдым. Мурунку күнү билгенде милицияны үйгө киргизмек эмесмин. Анан телефондорду алып кетип жаткан Токторбек деген тергөөчүнүн номурун алып калдым эле, ага чалдым. “Баламды эчак эле өлтүргөн турбайсыңарбы, келинчегин камап коюптурсуңар. Жанында бала бар эле, ал кайда?” деп сурасам, “аксакал, билбейм, башты оорутпа” деп өчүрүп койду. Эми минтип өлгөн бала менин баламбы же башкабы, сөөгүн көрөйүн деп келдим. Андан чыгып абакта отурган келиниме барып, неберем кайда экенин сурайын. Небереме бир нерсе болсо, баары жооп беришет.
Эми булар "аты аталгандар 19-ноябрда Бишкекте аймактык милиция кызматкери Актилек Абдубалиевди өлтүрүшкөн" деген айыпты айтып жатышат",- деди Итибаев.