"Жаңы үлгүдөгү автоунаа номурларын даярдоо желим бөтөлкөнү чыгаруудан да жеңил экен",- деди Мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчиси Тайырбек Сарпашев. Ал муну бүгүн, 15-декабрда Жогорку Кеңештеги Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин отурумунда билдирди.
Автоунааларга номур чыгарууну мамлекет өз колуна алса, жеке компанияларга кетип жаткан каражат мамлекеттин казынасына түшөт. "8 жылдан бери 1 миллиард 600 миллион сомдук номурларды жеке компаниялар басып чыгарып турган. Быйыл жеке компаниялар менен түзгөн келишим бүтүп жатат. Кийинки жылдан тарта мамлекет номур чыгарууну өз колуна алат. Андан жылына 100-200 миллион сомдун тегерегинде акча түшүп турат",- деди Сарпашев.
Депутаттар андан кийин каржы министри Адылбек Касымалиевден "Мындан түшө турган каражат 2016-жылдын бюджетине киргизилгенби?" деп сурашты. Каржы министри киргизилбегенин айтты. Депутат Иса Өмүркулов Сарпашевди мындай цифраларды айтууда абайлоого чакырды.