* Мындан 6 жыл мурун, 2009-жылы “Белый пароход” интернет-басылмасынын журналисти Геннадий Павлюктун Казакстандагы ооруканалардын бирине өтө оор абалда жеткирилгендиги тууралуу маалымат тараган. Журналист бир апта ооруканада дарыгерлердин көзөмөлүндө болуп, эсине келбей жарык дүйнө менен кош айтышкан.
Ибрагим Рустамбек аттуу псевдоним менен белгилүү Геннадий Павлюктун денеси 16-декабрда Алматыдагы Фурманов көчөсүнөн орун алган көп кабаттуу үйлөрдүн алдынан табылган. Ошол эле күнү ММКларда журналист 6-кабаттан буту-колу байланган абалда ыргытылганы жөнүндө шектүү маалымат тараган. Казакстандын тартип коргоо органдары журналистке кол салуу боюнча кылмыш ишин козгоп, иликтөө жүргүзгөн. Өлкөбүздүн укук коргоочулары жана саясатчылары журналисттин өлүмүн анын кесиптик ишмердиги менен байланыштырышкан. Журналисттин сөөгү 24-декабрда Чолпон-Ата шаарында жерге берилген.
Г.Павлюк “Аргументы и факты – Кыргызстан”, “КП в Кыргызстане” гезиттеринде башкы редактор болуп иштеп, “Белый пароход” интернет-басылмасында да эмгектенген.
* Мындан 116 жыл мурун, 1899-жылы "Милан" футболдук клубу Альфред Эдвардс тарабынан негизделип, Милан шаарынын урматына "Милан" деп аталып калган. Эң алгачкы машыктыруучусу Герберт Килпин болгон. Дал ошол Герберт Килпин клубдун кийимин жана түстөрүн ойлоп тапкан. Клубдун оюнчулары кызыл-кара түстө кийинишет. Кызыл түс шайтанды түшүндүрсө, кара өң коркунуч делинген.
Кийин көп жылдар бою командага Италиянын бир нече жолку премьер-министри Сильвио Берлускони ээлик кылган.
* Мындан 29 жыл мурун, 1986-жылы Казак ССРинин борбору Алматы шаарында Совет өлкөсүнө каршы козголоң чыккан. Алматыда өткөн козголоң СССРдин пайдубалына доо кетирип, ага кирген улуттук республикалардын эгемендикке болгон умтулуусу күч алган, ал окуя акыры СССРдин кулашына себеп болгон. Тарыхта ал окуя “Желтоксан” же "казактардын Декабрь көтөрүлүшү" деп аталып калган.
Казак жаштарынын коммунисттик системге каршы уюшулбастан, кокустан козголуп чыгышы адегенде социалдык маселелерге байланыштуу болгон. 1986-жылдын август айында Совет бийлиги “эмгектен тышкары кирешеге каршы күрөш” деген кампанияны баштап, анын бир кесепети Алматы шаарындагы батир берүүчүлөргө жана студенттерге тийген. Күзгү окууга келген казак жаштары батир таппай, алардын көпчүлүгү көчөдө калган. Ага кошумча Москванын Казакстан Коммунисттик партиясынын биринчи катчылыгына Г.Колбинди дайындашы ансыз да чайналып турган жаштардын нааразычылыгын жараткан. Адегенде жаштар “Жашасын лениндик улут саясаты!”, “Ар бир калкка - өз жетекчиси!” деген саясий ураандар менен көчөгө чыгышкан. Декабрь айынын 17-18-күнү демонстранттарды таркатуу үчүн “Метель” аттуу аскер операциясы даярдалып, Алматыга аскер киргизилип, адам өмүрү кыйылган алаамат башталган.
* Мындан 18 жыл мурун, 1997-жылы япониялык "Покемон" мультфильминин 38-сериясы эң популярдуу болгон. Аны Япониядагы телеканалдардан көрсөтүү учурунда бир маалда 3 жаштан жогору жаштагы 685 баланын талмасы (эпилепсия) кармап, ооруканага жеткирилген. Ал окуя коомдо "Покемондордон шок" деген аталышка ээ болгон. Бул окуядан соң аталган мультфильмди көрсөтүүгө тыюу салынып, бирок 1998-жылы 16-апрелде көрүүчүлөрдүн суранычы боюнча кайрадан көрсөтүлө баштаган.
16-декабрда Кыргыз Республикасында жана дүйнөдө орун алган окуялар тууралуу кененирээк бул жактан окуй аласыздар.