"Баламдын сөөгүн көрсөтпөй жатышат",- деп кайрылды террорист деп атылып өлтүрүлгөн Туратбек Усубалиевдин атасы Иманкул Итибаев SUPER.KG'ге бүгүн, 18-декабрда. Итибаев 9 жаштагы Барсбек деген небересинин кайда экени да белгисиз болуп жатканын айтууда.
"Баламдын сөөгүн көрөлү деп өлүк сактоочу жайга барсам, "кылмышкерлердин баарын үйүп алыптырсыңар" деп сөөгүн көрсөтпөй коюшту. Анысына деле мейли, неберемдин кайда экенин айтпай жатышат. УКМК, ИИМге, Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкы башкармалыгына жана Бишкектеги райондук ички иштер бөлүмдөрүнө барып сурадым. Баары эле "небереңиз бизде эмес, аксакал, башка жактан сураңыз" деп чыгарып салып жатышат. Бишкектеги балдар үйлөрүн кыдырып чыктым, ал жерлерде да жок. Келинимди да камап салышкан эле. Анын да кайда экенин айтпай коюшту. Мүмкүн, ошонун жанындадыр. Баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүгү жок болгондуктан, баланы бизге беришпейт экен",- деди Итибаев.
Эскерте кетсек, 10-декабрдан 11-декабрга караган түнү Бишкектин Чыгыш-5 кичи районунда террордук уюмдун 2 мүчөсү жок кылынган. Анын бири 16-июлда террорист деп Бишкекте атылып өлтүрүлгөн 37 жаштагы Канатбек Усубалиев аттуу жарандын бир тууган иниси, 1981-жылы туулган Туратбек Усубалиев болуп чыккан. Атасынын айтымында, Туратбек агасын атып өлтүргөндөрдөн өч алмакчы болуп жүргөн.