Жалал-Абад облусунун Кызыл-Жар айыл аймагынын тургунун милиция кызматкерлери сабашкан эмес. Бул тууралуу бүгүн, 20-декабрда SUPER.KG порталына облустук милициядан билдиришти.
Мекемеден билдиришкендей, аталган Кызыл-Жардын тургуну кымбат баалуу зер буюмдарды уурдоо фактылары жана жашына жете элек өспүрүмдү коркутуу жолу менен уурулукка мажбурлоо боюнча шектелген. "11-декабрда кылмышка шектүүнү кармоо учурунда ал милиция кызматкерлеринен талааны көздөй качкан. Таштак жерден жыгылып, бир нече жолу томолонгон. Милиция кызматкерлери ага карата күч колдонушкан эмес. Учурда Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгы бул окуя боюнча тергөө иштерин жүргүзүп жатат",- дешти милициядан.
Эскерте кетсек, 18-декабрда окурман "Жалал-Абад облусунун Кызыл-Жар айыл аймагынын 2 милиция кызматкери кылмышка шектүүнү сабап салды" деген ЭЛДИК КАБАРды жөнөткөн.