Жалал-Абад облусунун Кызыл-Жар айыл аймагынын 2 милиция кызматкери кылмышка шектүүнү сабап салды. Бул тууралуу окурман SUPER.KG порталына WhatsApp аркылуу билдирди.
Анын айтымында, 11-декабрда саат 19:00 чамасында милиция кызматкерлери Кызыл-Жардын тургунун ооруканада оор абалда жаткан жеринен алып кетишкен. "Милиция бөлүмүндө аны таңкы саат 5:00 чамасына чейин ар түрдүү кыйноо жолу менен жасабаган жумушун "жасагансың" деп моюнуна алдырышкан",- дейт окурман.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.