ФИФАнын (Эл аралык футбол федерациясы) калысы, өзбекстандык Равшан Ирматов "Globe Soccer Awards-2015" сыйлыгына ээ болду. Сыйлык тапшыруу аземи 27-декабрда Дубайда өткөнүн чет элдик маалымат булактары кабарлашты.
Маалыматка ылайык, Ирматовдон тышкары бул сыйлык "Барселона” футболдук клубунун аргентиналык чабуулчусу Лионель Мессиге, португалиялык футболчу Криштиану Роналдунун агенти Жорже Мендешке тапшырылды. Ошондой эле дүйнөнүн мыкты футболдук клубу катары “Барселона” аталды.
Сыйлык ээлерин футбол ишмерлери, мурунку футболчулар жана машыктыруучулардан турган калыстар тобу аныктады.
Кошумчалай кетсек, Равшан Ирматовду кыргыз жеринде анын Дүйнө чемпиондугундагы эмгектеринен улам билишет. Себеби Р.Ирматов жетектеген калыстар бригадасына жердешибиз Бахадыр Кочкаров кирип, эки ирет Дүйнө чемпиондугунда калыстык милдет аткарган.