ЭЛДИК КАБАР: Аравандагы Эсенбай айылында жашоочулар көлмөдөгү сууну ичүүгө аргасыз

Ош облусунун Араван районунун Эсенбай айылынын жашоочулары кыш жана жаз мезгилдеринде көлмөдөгү сууну ичүүгө аргасыз. Бул тууралуу окурман SUPER.KG порталына WhatsApp аркылуу билдирди.

"Бул эч кандай санитардык талапка жооп бербейт. Бул айыл чек арага жакын жайгашкан. Агын суу коңшу Өзбекстанды аралап өткөндүктөн, бул мамлекеттин тургундары сууну тосуп алышат. Айыл эли дыйканчылык менен алектенет, эгин эккен убакта да суу жок болуп, дыйкандар жабыр тартып келишет. Адамдар өздөрү ушундай көлмөнү айылдын башына жана этегине бирден казып алышкан. Суу келгенде толтуруп коюшат. Суу келбесе, жапжашыл болуп булганып калса да, түгөнгөнгө чейин ичишет. Айылда жаштар жана балдар аны кайнатпай эле иче беришет. Ар кандай ичеги оорулары балдарда көп кездешүүдө",- дейт окурман.

"Жогорку жактагылар айылдын агын суу жана таза суу маселесин чечип беришсе жакшы болмок. Бийликтегилер ар шайлоо алдында убада беришет, бирок ушул маселе чечилбей келет",- дейт нааразы болгон окурман.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
nuriyaeljan
2015-12-30 09:13:07
Суусуз жашаган туугандарга рахмат абдан кыйын гоо бир кун чыкпай калса кантебиз а буларда вообще эле жок экенда
+1
Rashinboy
2015-12-30 10:53:39
Турмушун эшек араба туулдун калдын балееге!
Смартфон ушул баланыкы.
-3
nuriyaeljan
2015-12-30 09:14:17
Кыргызстандын коп жеринде Крандын суроту эле бар
+5
uragan007
2015-12-30 10:22:01
Коншу айылым го. Таза суу чыгарып беришсе соопко калмак жогорудагылар.
+2
KGstan81
2015-12-30 11:19:28
uragan007, Сен Керкидан айылынан болосунбу
0
KGstan81
2015-12-30 10:28:24
Ээ аттин ай Эсенбай айылы Озбекстандын Пахтачун айылы м-н чектешет.Пахтачундун 90% жашоочулары кыргыздар.Ошол Пахтачун Союз кезинде Озбекстанга отуп кеткен экен.Ал эми Эсенбай айылына жакын жайлашкан Керкидан суу сактагычы 1999-2000ж.ж. Озбекстанга сатылып кеткен.
+2
kamaldin
2015-12-30 14:19:56
Ушу Эсенбай айылына кыйын болду. Мен кошуна айылдан болом. Керкидандан
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан