Бишкекте мас айдоочу унаасы менен аялды сүзүп, жабырлануучу окуя болгон жерден каза тапканын окурман SUPER.KG порталына WhatsApp аркылуу билдирди. Анын айтымында, кырсык 2-январда Абдрахманов көчөсүндө саат 19:50 чамасында болгон.
“Лексус 470 үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу жашы 60ка барып калган орус улутундагы аялды сүзгөндө, каршылаш тарапта келе жаткан дагы бир унаа жабырлануучуну тебелеп кеткен”,- деди окурман.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.