ЭЛДИК КАБАР: Ак-Суу районунда калыңдыгы 20 сантиметрдей кар жаады (фото)

Ысык-Көл облусунда калыңдыгы дээрлик 20 сантиметрге жеткен кар жаады. Ак-Суу районунун Боз-Булуң айылынын көрүнүшүн SUPER.KG порталына WhatsApp аркылуу жөнөткөн окурман: "Жергиликтүү эл кар көп жааса, түшүм жакшы болот дейт. Негизи, кыштын кыштай болгону жакшы. Көптөн бери кар жаай элек эле",- деди.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (39)
Temir.WwwKG86
2016-01-09 21:05:59
Кыш кыштыгын барибир кылат унутпагыла достор кыштын кыштай болгону жакшы а кыздын кыз дай эле болгону жакшы, кар коп жааса Жазында жакшы эгин болот себеби сууктан Курт кумурскалар олот да.
+1
Genar.benicio
2016-01-09 21:10:29
Москвада жаабайтат гоо ,бирок баары бир туз менен ээритип салышат да бул жакта.
Каарларды коргондо Кыргызстанды сагынып кетип жатам.Озгочо Торкен айылымды
+1
Moskva.kg
2016-01-09 22:09:12
Маанилуу эмес жанылыктар кобойуп кетти
0
Koshaly
2016-01-09 23:04:48
Тогуз Тородо каар мындан коп (Менделе тартып кетирет окшойм
+2
eliza89
2016-01-10 01:33:16
Жаз келгенде "баланча жерде жамгыр жаады",жай келгенде "тукунчо жерде кун ысык болду"деп ар бир мезгилде боло турган жаратылыш корунушторун жаза беребизби эми?
+1
dubai
2016-01-10 02:49:33
бул кыш жылуу болуп,коп жерде кар жок коктом чыгып келе жаткандай корунуш болсо,а бул жерде кышка окшоп кар жаады деп суйунушуптур,анын эмнесине нааразысынар!кыштын кыштай кыздын кыздай болгону жакшы деген эле ойду билдиришиптир,же эмне жанылык десе эле жол кырсыгы болуп адам олду,жаш бала сабалды,кыз зордукталды ж.б тири шумдук жанылыктарга коно туштунор беле?кичине ой-толгоо болуп,табигаттын ажайып корунушторуно суктанып койсо болот дилинди тазартып.
+4
Chubak3922
2016-01-10 10:36:30
Биздинде жаз келгендей болуп калган. кар жаап кубанып жатабыз айлана кооз болуп калды тим эле .дагы жаса экен деп жатабыз
+1
Chubak3922
2016-01-10 10:42:35
Жылда көп жачу быйыл аз
+1
Neizvestno777
2016-01-10 11:33:21
учунчудо турган сурот сонун чыгыптыр .Удачный фото
+2
Isken.der
2016-01-10 13:21:12
Погоданы телевизордон да көрүп жүрөбүзго, кар көрбөгөндөй болбогулачы, кыргызстанды уят кылып
-2
Isken.der
2016-01-10 13:22:18
кар көрбөгөндөй болбогулачы
-2
MuslimNur95
2016-01-10 13:46:57
Жамгыр жааса кабар берип койгулачы
-2
omka100514
2016-01-10 15:39:01
эээ тообо ушул дагы жанылыкбы, биздин айылда мындан да коп жолдор эми ачылды, кышында кар жаайтда,анан не кун ачылып байчечекей чыкмак беле
-2
mekajan89
2016-01-10 22:10:32
Да Боз булундуктар биз Жака да жиберип койгулачы. Боз булунда эжекем бар эле барфп келсемби
0
baltabaev
2016-01-11 00:01:27
Кар эми жаадыбы?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан