Ноокат - Кызыл-Кыя жолунда 13-январда саат 03:00 чамасында жол кырсыгы болуп, эки адам жаракат алды. Бул тууралуу 13-январда SUPER.KG порталына WhatsApp аркылуу байланышкан окурман билдирди.
Кырсык Көк-Жар айылында болуп, Хонда жана Нива унаалары сүзүшкөнү айтылды. "Тез жардам" кызматы 1 сааттан кийин келди. Кырсыкка Ниванын бир фарасынын иштебегени, айдоочусунун мастыгы себеп болду",- деп билдирди окурман.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.