Жалал-Абад. Премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев Аксы районунун эли менен жолукту

Премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев Жалал-Абадга болгон иш сапарында Аксы районунун аймактык ооруканасына барды. Бул тууралуу Өкмөттүн аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү маалымдады. Оорукананын абалы менен таанышып чыккан өкмөт башчы Аксы районунун активдери менен жолугуп, экономика жана бюджеттин абалы тууралуу кыскача маалымат берди. Жолугушууда жергиликтүү калк таза суу, жол, айыл чарба жабдыктарынын жетишпегендиги сыяктуу бир топ маселелерди көтөрүп чыгышты. Учурда өкмөт башчынын Жалал-Абад облусу боюнча иш сапары уланууда.  
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан