ӨКМ эскертет: Бүгүн-эртең аба ырайы кескин өзгөрүп, кар жаайт
12-13-ноябрда Кыргызстан боюнча жаан-чачын, ал эми тоолуу аймактарда кар жаай турганын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги маалымдады. Жолдор тайгак болуп, шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге чейин жетет. Ал эми 13-ноябрь күнү абанын температурасы 0дөн -5ке, тоолуу аймактарда -5 градустан -10ка чейин төмөндөшү күтүлүүдө. Мындай аба ырайы байланыш, жол, энергетика тармагына кыйынчылыктарды жаратышы мүмкүн.