Жаңы түзүлгөн Энергетикалык холдингдин жетекчиси болуп Айбек Калиев дайындалды

Жаңы түзүлгөн Энергетикалык холдингдин жетекчиси болуп Айбек Калиев дайындалды. Тиешелүү буйрукка өкмөт башчы Темир Сариев кол койгонун өкмөттүн маалымат кызматы 19-январда SUPER.KG'ге тастыктады. Ал буга чейин экономика министринин орун басары болуп иштеп келген.

Өкмөт Энергетика жана өнөр жай министрлигин жоюп, анын ордуна энергетика тармагын бирдиктүү бир мекемеге топтоону демилгеп, холдинг түзүү чечимин кабыл алган.

Өкмөт башчы 6-январда токтом кабыл алып, "Улуттук энергетикалык холдинг компаниясы" ачык акционердик коомунун уставдык капиталын түзүү үчүн Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондго 5 000 000 сом өлчөмүндө акча каражатын эки жумалык мөөнөттө издеп табууну жана бөлүп берүүнү тапшырган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан