Борбор калаада тоноочулук фактысына шектелип 22 жаштагы жигит кармалды

Борбор калаада тоноочулук фактысына шектелип 22 жаштагы жигит кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 28-январда Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, милицияга арыз менен шаардын тургуну кайрылган. Анда 26-январь күнү саат 22:00 чамасында Жаш Гвардия жана Рыскулов көчөлөрүнүн кесилишинен чала таанышы күч колдонуу менен уюлдук телефонун жана 80 миң сом акчасын алып кеткенин айткан.

Жүргүзүлгөн ыкчам аракеттердин алкагында кылмышка шектүү катары 22 жаштагы жигит кармалды. Бул факт боюнча "тоноочулук" беренеси менен кылмыш иши козголуп, иликтөө жүрүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан