Кыргызстандык визажист Байнур Куштарбеков "Victoria’s Secret Fashion Show 2026" мода көргөзмөсүнүн көшөгө артындагы командасына кошулду. Бул тууралуу ал соцтармактагы баракчасы аркылуу билдирди.
Анын айтымында, ал белгилүү визажист Пэт Макграттын командасы менен иштеген. "Мындан туура бир жыл мурун Victoria’s Secret Fashion Show көргөзмөсүн ноутбугумдан көрүп, бир күнү анын көшөгө артында болууну кыялданчумун. Мына, бүгүн бул жердемин. Сулуулук индустриясынын ханышасы Пэт Макграттын командасындамын. Кыялым орундалды", - деп жазды ал.


Ошондой эле визажист мода көргөзмөсүнө катышкан белгилүү моделдер Белла Хадид жана Адриана Лима менен түшкөн сүрөттөрүн бөлүшкөн.
Белгилей кетсек, бул Байнур Куштарбековдун Пэт Макграттын командасындагы экинчи ири долбоору. Буга чейин ал 2025-жылы өткөн "Vogue World-2025" шоусунда жылдыздарды даярдоого катышкан.