Президент Садыр Жапаров Кыргызстанда электрондук сот өндүрүшүн өнүктүрүп, сот отурумдарын онлайн көрсөтүү зарылдыгын белгиледи. Бул тууралуу ал бүгүн, 21-октябрда өткөн республикалык кеңешмеде сүйлөп жатып билдирди.
Мамлекет башчысы сот отурумдарына аралыктан катышуу мүмкүнчүлүгүн кеңейтүү жана сот чечимдеринин аткарылышын жакшыртуу керектигин айтты.
Бул демилгелер сот тутумунун ачык-айкындуулугун жогорулатууга жана жарандардын сот адилеттигине жетүүсүн жеңилдетүүгө багытталган.