Стамбулдан башка бирөөнүн паспорту менен келген 24 жаштагы кыз "Манас" аэропортунан кармалды

28-январда "Манас" аэропортунун көзөмөл-өткөрүү бекетинен башка адамдын документи менен 24 жаштагы кыз кармалды. Бул тууралуу Чек ара кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 1991-жылы туулган А.А. Стамбул-Бишкек авиакаттамы менен аэропортко келген. Документтерин текшерүү учурунда ал башка айымга таандык кыргыз жеринин жалпы жарандык паспортун берген. Тийиштүү документтер чогултулгандан кийин кармалган кыз милиция кызматкерлерине өткөрүлүп берилген. Учурда иликтөө иштери жүрүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Artyr1994
2016-01-28 11:52:40
Сириядан Келли да
+1
Makain
2016-01-28 16:40:07
Стамбул да кызмат кылып журдуго. Анан поспортун алдырып бироонуку менен качып келдигоо.
0
AlbertEnshtein
2016-01-29 05:23:50
Айдикард менен келиппи? Чындап документ жоготкон байкуш болгондо элчилике кайрылмак. Демек уурдалган паспорт менен келди. Подозрительно.
0
Joze
2016-01-30 16:46:39
Турциядан келгендерден этияттап тастыктап текшербесек болбой калды озу
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан